Чет элдик альпинисттердин сөөгү кырсык болгон жерден тик учактар менен чыгарылды

© Фото / Минобороны КРМи-8 МТВ вертолету. Архив
Ми-8 МТВ вертолету. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штаб ӨКМнын куткаруучуларына жабыр тарткандарды куткаруу жана өлгөн адамдарды эвакуациялоо иштерине ар убак жардам көрсөтүлүп турарын белгилейт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Үч россиялык жана бир польшалык альпинисттин сөөгү Баткен облусунан тик учактар менен чыгарылганын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ кызматкерлери дарыя боюнда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыяга кулап, ташка такалып калган польшалык туристтин сөөгү чыгарылды
Маалыматка ылайык, россиялык альпинисттер Ленин чокусунун аймагында, польшалык жаран Кадамжай районунда каза болгон. Акыркысынын денесин суунун шары катуу болгонуна байланыштуу төрт күн бою чыгара алышкан эмес.

Башкы штаб ӨКМнын куткаруучуларына жабыр тарткандарды куткаруу жана өлгөн адамдарды эвакуациялоо иштерине ар убак жардам көрсөтүлүп турарын белгилейт.

Быйыл абадан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы 10дон ашык ирет учуп чыгып, жалпысынан 26 адамдын өмүрүн сактап калып жана 8 адамдын сөөгүн алып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0