Ошто кытайлыктар фарфор идиш-аягын чыгарууга ниеттенип жатышат

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүФарфор идишин чыгаруу. Архив
Фарфор идишин чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун аймагында фарфор идиш-аягын өндүрүү үчүн жакшы сапаттагы чопо бар. Андыктан кытайлыктар тийиштүү ишкана курууга кызыкдар. Башкы шарт — саясий туруктуулук.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кытайлык инвесторлор Ош жергесинде фарфор идиш-аягын чыгаруучу ишкана курууга кызыкдар экенин Sputnik агенттигине шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров билдирди.

Түштүк борбордун мэриясы өнөр жай ишканаларын ачуу максатында инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду. 

"Учурда кытай инвесторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди чиновник.

Анын айтымында, Кыргызстанда мындай идишке суроо-талап бар болгондуктан, кытайлыктар кызыгуу артып жатышат.

"Ош облусунун аймагында фарфор идиши үчүн жакшы сапаттагы чопо бар экени маалым болду", — деди Аскаров.

Потенциалдуу инвесторлор үчүн эң маанилүүсү — туруктуулуктун сакталышы. Вице-мэр ушул учурда алар ишкана ачууга даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0