Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды сот бүгүн карайт

© предоставлено Омаром ЖанышовымЫрчы Омар. Архив
Ырчы Омар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдамчылыкка шектелип кармалган Өмүрбек Жанышевди бир ай камакка алуу боюнча Талас райондук соту чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ырчы Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды Талас облустук соту бүгүн карай турганын соттон билдиришти.

Омар каймана аты менен таанымал ырчы Өмүрбек Жанышев алдамчылыкка шектелип, 22-июлда Талас райондук соту аны бир ай камакка алуу чечимин чыгарган. Ага ылайык ырчы 26-августка чейин камакта болушу керек. 

Ырчы Өмүрбек Жанышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар кийинки жумада ооруканадан чыгышы мүмкүн
ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, Талас районунун тургуну Болот Бейшеналиев укук коргоо органдарына кайрылып, Бакай-Ата районунун тургуну Нуржан Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев (Омар) андан 40 тонна төө буурчакты "акчасын кийин беребиз" деп алышканын айтып, бирок акчасын кайтарып бере электигин билдирген. Аталган факты боюнча 2015-жылдын апрель айында Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. 21-июлда шектелип жаткан Нуржан Токтогулов кармалып, убактылуу кармоо жайына бир айга камакка алынган. 

Омардын продюсери Миргүл Эсеналиева Талас райондук сотунун чыгарган өкүмүнө аппеляциялык арыз бере турганын билдирген.

Анын айтымында, ырчынын камакта отурушу анын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.

Талас райондук сотунун өкүмүнөн кийин ырчынын жүрөгү кармап, облустук ооруканага жаткырылган.  Учурда анын абалы туруктуу, ушул жумада ооруканадан чыгышы мүмкүндүгүн Талас облусунун биргелешкен ооруканасынын директору Шершенбек Жумашалиев билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0