Ысык-Көлдү россиялык суучулдар изилдөөгө алышат

Жазылуу
Эл аралык комплекстүү Ысык-Көл археологиялык экспедициясына кыргыз, орус, польша жана америкалык археологдор менен этнографтар катышууда.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Эл аралык Ысык-Көл археологиялык экспедицияга катышуу үчүн Кыргызстанга Томск мамлекеттик университетинин жана Россия географиялык коомчулуктун суучулдары келе турганын университеттин сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган экспедиция КР Илимдер академиясы жана Кыргызстан-Россия славян университети менен биргеликте академик Владимир Плоскихтин жетекчилиги менен өтүүдө. Томскилик суучулдар бул иш-чарага эки жылдан бери катышып келет.

"Биз өткөн жылы жакшы иштедик. Мындан улам бизге быйылкы экспедициянын суу алдындагы бардык иш-чараларын башкаруу сунушу түштү", — дейт суучулдар борборунун директору Дмитрий Горн.

Анын айтымында, томскилик суучулдар аталган ири эл аралык долбоордо өз ордун бекемдеп алды.

"Бизден тышкары экспедицияга польшалык жана америкалык археологдор менен этнографтар катышат. Азырынча ыктыярчы катары иштеп жатабыз. Бирок, кыргызстандык кесиптештер менен 2016-жылы өткөрүлө турган изилдөөлөрдү колдоо үчүн грант алууга аракет кылабыз", — дейт Горн.

Томск мамлекеттик университети менен Кыргызстан-Россия славян университетинин ортосунда илим, билим берүү, маданият жаатында макулдашууларга кол коюлган. Алардын катарында Ысык-Көлдөгү тарыхый-маданий эстеликтерди изилдөө иш-чаралары каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0