Сариев Жалал-Абаддагы сапарында жер көчкүгө кабылган кыржолдуктарга жолугат

© пресс-служба МЧС КРСузак районундагы Кыр-Жол айылында көчкү. Архив
Сузак районундагы Кыр-Жол айылында көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Жалал-Абаддагы сапарында Сузак районундагы Кыр-Жол айылында көчкүдөн жабыр тарткандарга салынып жаткан Жашасын айылындагы турак-жайлардын абалын текшерет.

БИШКЕК, 1-авг.— Sputnik. Өкмөт башчысы Темир Сариев бүгүн Жалал-Абад боюнча иш-сапарын баштады. Алгач ал Ала-Букадагы "Бозумчак" жез-алтын кенинин расмий ачылышына катышып, андан ары сапарын улайт.

Сузак районунда жүргөн көчкү 5 үйдү басып, 6 киши каза болду
Муну менен катар аталган райондогу "Иштамберди" кениндеги "Фулл-Голд Майнинг" тоо кен иштетүүчү ишканасынын учурдагы абалы менен таанышат. Андан соң Сузак районундагы Кыр-Жол айылында көчкүдөн жабыр тарткандарга салынып жаткан Жашасын айылындагы турак-жайлардын абалын көрөт. Аталган райондогу Көк-Арт аймагында курулуп жаткан альтернативалык автожолдун курулушу менен таанышат.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарында бир катар социалдык обьекттердин абалы менен таанышып, шаар жетекчилиги менен аны өнүктүрүү планын талкууламакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0