Техникалык абалы начар маршруттук таксилер айып пул төлөнүүчү унаа жайына токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековТехникалык абалы маршруттук таксилер айып пул төлөнүүчү унаа жайына токтотулду
Техникалык абалы маршруттук таксилер айып пул төлөнүүчү унаа жайына токтотулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кайгуул кызматы маршруттук таксилердин катышуусу менен боло турган жол кырсыктарынын алдын алуу жана көчөлөрдө коомдук тартип орнотуу максатында рейд жүргүзгөн.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Текшерүү учурунда техникалык абалы начар 51 микроавтобус айып пул төлөнүүчү унаа жайына алынып келгенин ИИМ билдирет.

Жанабаева: айдоочуларга наркологдун ордуна механик кол коюп келген
Маалыматка ылайык, 29-30-июль күндөрү Жол кайгуул кызматы маршруттук таксилердин катышуусу менен боло турган жол кырсыктарынын алдын алуу жана көчөлөрдө коомдук тартип орнотуу максатында рейд жүргүзгөн.

"Микроавтобус" деп аталган текшерүүнүн натыйжасында инспекторлор жүргүнчү ташыган унаа айдоочуларынын жол эрежесин одоно бузган учурларын аныктап чыгышты. 

Рейд учурунда ишканалардан чыккан маршрут каттамдары текшерилди. Жыйынтыгында 130 айдоочуга администрациялык протокол түзүлүп, техникалык абалы начар 51 микроавтобус пул төлөнүүчү унаа жайына алып келинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0