Оштун Жапалагында милиция жапайы кара куурайды өрттөдү

© пресс-служба города ОшОш шаарында үч тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Архив
Ош шаарында үч тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизатка каршы кызматтын Түштүк аймагы боюнча башкармалыгы 22-28-июль күндөрү Ош шаарында "Кара куурай" деп аталган ыкчам-алдын алуу иштери жүргүздү.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Ош шаарында мекемелер аралык "Апийим — 2015" операциясынын алкагында үч тоннага жакын кара куурай жок кылынганын Мамлекеттик баңгизатты көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтын Түштүк аймагы боюнча башкармалыгы 22-28-июль күндөрү Ош шаарында "Кара куурай" деп аталган ыкчам-алдын алуу иштери жүргүздү.

Ош ШИИБ Жапалак милиция бөлүмү катышкан иш-чаранын натыйжасында үч тонна жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0