Бишкектиктердин 70 пайызы биометрикалык маалымат тапшырды

© пресс-служба мэрии города БишкекШаардык мэриянын чогулушу. Архив
Шаардык мэриянын чогулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акимдердин эсеби боюнча, Октябрь районунда 95 миң адам, Биринчи Май районунда 112 миң, Ленин районунда 140 миң адам жана Свердлов районунда 1150 миң жашоочу биометрикалык маалымат тапшырган.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Борбор калаада 460 миң жашоочу, же элдин жалпы санынын 70 пайызы биометрикалык маалымат тапшырганын шаар мэринин орун басары Бакыт Дүйшөмбиев биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен өткөн жыйында билдирди.

Акимдердин эсеби боюнча, Октябрь районунда 95 миң адам, Биринчи Май районунда 112 миң, Ленин районунда 140 миң адам жана Свердлов районунда 1150 миэ жашоочу биометрикалык маалымат тапшырган.

Шаардын мэри Кубанычбек Кулматов ишти ЖОЖдо активдештирүүнү сунуштады.

"Сентябрдан баштап биоемтрикалык маалымат чогултууну шаардык ЖОЖдо күчөтүү керек. Биринчи курска өтүп, бирок каттоодон өтө элек студенттер арбын. Мындан тышкары, акимдерди активдүү болууга чакырам. Бардык нерсе иштин сапатына жараша болот", — деди мэр.

Ысык-Көл районунда паспортсуз 1700 жашоочу биометрикалык каттоодон өткөн эмес
Жыйын соңунда Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалымат чогултуу боюнча штаб түзүп, кийинки жасала турган иш-чаралардын планын иштеп чыгууну белгиледи.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын августунда башталган. 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0