Атамбаев Чолпон-Атада журналисттер, саясат талдоочулар менен эки саатка жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧолпон-Ата шаарындагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү журналисттер, саясат талдоочулар жана белгилүү медиа эксперттер менен жолугушту.
Чолпон-Ата шаарындагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү журналисттер, саясат талдоочулар жана белгилүү медиа эксперттер менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев журналисттер менен жолугушууда кыргыз-америкалык мамилелердин азыркы абалы, кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги туурасында сөз кылды.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү журналисттер, саясат талдоочулар жана белгилүү медиа эксперттер менен жолугушуусу эки саат созулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент журналисттерди Кыргызстанды сүйүүгө чакырды
Президент бул жолугушууда быйылкы саясий жылдын жыйынтыктары, кыргыз-америкалык мамилелердин азыркы абалы, кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, аймактагы геосаясаттык кырдаал жөнүндө өз оюн билдирген.

Андан сырткары, мамлекет башчысы коррупция жана экстремизм менен күрөшүү, алдыдагы парламенттик шайлоо, Евразия экономикалык биримдигине кошулганга байланыштуу чек аралардын ачылышы тууралуу суроолорго жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0