Сариев Ала-Бука — Көк-Таш жолун тоскондордун жоопкерчилигин кароону тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев. Архивное фото
Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Темир Сариев Көк-Серек айылындагы жол тоскон окуя боюнча туурасында, жеке таарынычтан улам өндүрүшкө тоскоол болуу адатынан арылуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Өкмөттүн жыйыны учурунда премьер-министр Ала-Букадагы "Бозумчак" кенин толук кубаттуу ишке киргизүү тапшырмасын берип, ал эми ага тоскоол кылгандардын жоопкерчилигин кароону тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк-серектиктер "Бозумчак" кенин иштеткен компанияга талап коюп, жолду жабышты
Өкмөт башчысы Сариев жол тосуу адатынан арылуу зарылдыгын айтып, саналуу кишинин таарынычынан улам бүтүндөй комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратуу туура эмес экенин кошумчалады.

23-июлда "Бозумчак" кенине кеткен жол өтүүчү Көк-Серек айылынын 50гө жакын жашоочусу аталган кен жайын иштеткен "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясына бир нече талаптарды коюп, жол тосууга чыгышкан. Алар негизинен комбинатка жергиликтүү элден жумушка алуу жана айылдын жолун асфальттоо талаптарын коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0