Коргоо кеңеши: Билим берүү министрлигинин коррупцияны жоюу иштери канааттандырарлык

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСтудент сабакта. Архив
Студент сабакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖОЖго лицензия берүү мөөнөтү беш айдан 20 күнгө кыскарып, бала бакчаларга лицензия берүү бир топ жеңилдетилди.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги системалык коррупция көрүнүштөрүн жоюу боюнча бир катар ийгиликтерге жетишкенин Коргоо кеңешинин катчылыгы билдирди.

Сариева: билим берүү министрлиги көп жылдан бери керексиз китептерди сатып алып келген
Маалыматка ылайык, кеңештин жумушчу тобунун жыйынында аталган министрликтеги коррупцияны жоюу боюнча баскычтуу түрдө иш-чаралардын жыйынтыгы талкууланды.

Ага ылайык, иш-аракеттердин натыйжасында, жогорку окуу жайларына лицензия берүү мөөнөтү беш айдан 20 күнгө кыскарып, бала бакчаларга лицензия берүү бир топ жеңилдетилген. Мындан тышкары, "1 ЖОЖ – 1 юридикалык тарап" принцибин ишке киргизүү менен окуу жайлардын алдындагы юридикалык жактар жабылган. Ошондой эле штрих-коддорду таануу системасы иштей баштаган, мындан улам штрих-код тапшырган абитуриенттер өз рейтингин 10-15-мүнөттөн кийин билүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 

Ал эми 1-сентябрдан тарта бала бакчалар менен мектептерди каржылоо суммасы, балдардын саны, казыналык эсеби жана башка милдеттүү маалыматтар чагылдырылган интерактивдүү картасы түзүлөрү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0