Башкы прокуратура: Нарымбаевдин иши боюнча судья Турганбековдун сурагы башталды

Жазылуу
Сурак берүү аяктагандан кийин Турганбековдун аракетине юридикалык баа берилет. Буга чейин, эгер Турганбековду камакка алуу муктаждыгы жаралса, Соттор кеңешине сунуш жөнөтүлөрү маалымдалган.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбеков бейшемби күнү Башкы прокуратурага сурак берүүгө чакырылганын мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш прокурору Нурлан Тагаев билдирди.

Шаршембиде камакка алынган депутат Хаджмурат Коркмазов Башкы прокуратурада беттештирүү учурунда соттолгон Нариман Түлеевдин жакындарынан Данияр Нарымбаевдин айтуусу менен акча талап кылганын билдирди. Анын айтымында, процесске Турганбеков төрагалык кылмак.

"Турганбеков суракка алынды. Анын катышуусундагы бир катар тергөө иштери аяктай элек. Андыктан ал дагы кошумча чакырылат", — деди Тагаев.

Анын билдирүүсүндө, сурак берүү аяктагандан кийин Турганбековдун аракетине юридикалык баа берилет. Буга чейин Тагаев эгер Турганбековду камакка алуу муктаждыгы жаралса, Соттор кеңешине сунуш жөнөтүлөрүн маалымдаган. 

Нарымбаевдин иши боюнча судья Турганбеков күбө катары суракка алынат
Кыргызстанда соттор кол тийбестик макамына ээ. 

15-июль күнү УКМК парламент депутаты Хаджимурат Коркмазов 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Башкы прокуратура маалымдагандай, беттештирүү учурунда Коркмазов Нарымбаевдин жүзүн ачкан көрсөтмө берген. Анын айтымында, депутат Нарымбаев менен Түлеевдин жакындарынын ортосунда ортомчулук милдетти аткарган. Нарымбаев президенттин аппаратын жетектеп турганда сотто Түлеевдин ишин оң жагына ооштуруу үчүн 50 миң доллар акча алган. Коркмазовдун билдирүүсүндө, сотко Турганбеков төрагалык кылмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0