Ниязалиева: пансионаттардагы эс алуунун баалары документтерде жасалма төмөндөтүлгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсыккөлдүн жээгиндеги пляж. Архив
Ысыккөлдүн жээгиндеги пляж. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер көлдүн суусун жана жээктеги кумду анализден өткөрүүдө пансионаттардын персоналын да текшерүү керектигин билдирди. Эгер уулануунун очогу же тазалык ченемдери сакталбаганы аныкталса, мекеменин жетекчилигине карата кескин чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Пансионаттарга туристтик мезгилге даярдыгы тууралуу документ берүү комиссиясынын иши канааттандырбай турганын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйын учурунда белгиледи.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, вице-премьер аталган комиссия пансионаттарды каттоо жана ишине уруксат берүү аракеттерин жасалма гана өткөрүп койгон.

"Облустун курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелери Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан гана текшерилген", — деди Ниязалиева.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер аталган мекемелердин туристтик сезонго даярдыгын тастыктоочу паспорт берүүдө эс алуучунун бир күндүк жашоосу 200-300 сомго төмөндөтүп жазылганын белгиледи. 

"Ал эми салык кызматынын башкармалыгы муну көз жаздымда калтырып, уруксат бере берген. Мындан улам өлкө бюджетине ири суммадагы каражат түшпөй калган", — деди чиновник.

Вице-премьер Ниязалиева: туристтик сезонго даярдык начар
Жыйын соңунда Ниязалиева пансионаттардын абалына калыс баа берүү үчүн паспорт берүү боюнча комиссия курамына курорттук-ден соолук чыңдоочу жайлардын өкүлдөрүн да кошууну сунуштады.

Мындан тышкары, вице-премьер иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун санитардык-эпидемиологиялык лабораториясынын иши менен таанышып чыкты. Анын айтымында, көлдүн суусун жана жээктеги кумду анализден өткөрүүдө пансионаттардын персоналын да текшерүү керектигин билдирди. Эгер уулануунун очогу же тазалык ченемдери сакталбаганы аныкталса, мекеменин жетекчилигине карата кескин чара көрүү зарылдыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0