Россияда окууну каалагандар үчүн мамлекеттик экзамен тапшыруу пункттары ачылат

© Sputnik / Юрий Артамонов / Медиабанкка өтүүМоскванын мамлекеттик университети. Архив
Москванын мамлекеттик университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана маалымат багытында кыргыз-орус долбоорлорун ишке ашыруу жана гуманитардык кызматташуу тармагындагы ишмердүүлүк маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Биргелешип иштөө менен бала бакчадан тарта ири ЖОЖ тармактарында көп ийгиликтерге жетишүүгө боло турганын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Россотрудничество агенттигинин жетекчиси Любовь Глебова менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана маалымат багытында кыргыз-орус долбоорлорун ишке ашыруу жана гуманитардык кызматташуу тармагындагы ишмердүүлүк маселелерин талкуулашты.

Билим алууну Россияда улантууну каалагандар үчүн россиялык илим жана маданият борборлорунун алдында бирдиктүү мамлекеттик экзамендерди тапшыруу пункттарын ачуу талкуунун башкы маселесине айланды.

"Биргелешкен аракеттер менен биз бала бакчадан тарта ири ЖОЖго чейинки тармактарда көп ийгиликтерге жетише алабыз", — деди Ниязалиева.

Мындан тышкары, россиялык жогорку мектептердин Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен байланышын тереңдетүү маселеси каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0