"Аc-Сарахси" мечитинин имамынын соту 28-июлга калтырылды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөдү деген шек менен кармалган.

Бишкек, 23-июль — Sputnik. Кара-Суу шаарындагы "Аc-Сарахси" мечитинин имамы Рошад Камаловдун соту күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу 28-июлга жылдырылды. Бул туурасында анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Sputnik маалымат сайтына билдирди.

"Күбөлөрдүн эч кимиси келбегендегине байланыштуу Кара-Суу райондук соту жараянды 28-июлга калтырды", — деди Сүйүнбаева.

Рошад Камаловду 10-февралда ИИМдин 10-башкы башкармалыгы эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн деген шек менен кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0