Энергокомпаниялар тийиштүү министрликтин карамагына өтөт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика министрлиги 15-августтан тарта мамлекеттин үлүшү бар энергокомпаниялардын толук кандуу башкаруучусу болот.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Мамлекеттик энергетика компаниялары мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагынан Энергетика жана өнөр жай министрлигине өтө турганын мекеме жетекчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, 15-августтан тарта Энергетика министрлиги мамлекеттин үлүшү бар энергокомпаниялардын толук кандуу башкаруучусу болот.

"Башкаруу функциялары министрликке өткөрүлдү. Тийиштүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды", — деди министр.

Турдубаев башкаруу энергетика министрлигине толугу менен өтөрүн кошумчалады. Холдингдин түзүлүшү бардык багыттагы абалды жакшыртууга жана координациялоого мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0