БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотула турганын "Газпром-Кыргызстан" ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-24-июлда борбор калаанын Логвиненко, Панфилов, Баетов көчөлөрү жана Жибек жолу проспекти менен чектешкен аймактарда газ болбойт.
Мекеме газдын өчүрүлүшү төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери менен байланыштуу экенин белгилейт.