Акимдерге эс алууга тыюу салынды

© flickr.com / dahonКийим илгич. Архив
Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер биометрия добуш берүү маалында шайлоочунун өздүгүн тактоочу милдетти аткарарын белгиледи.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуунун экинчи этабы башталганын, мындан улам бир да аким эмгек өргүүсүнө чыкпай турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Сарпашев түштүккө болгон иш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарында Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун активи менен жолукту.

Биринчи вице-премьердин айтымында, биометрия добуш берүү маалында шайлоочунун өздүгүн тактоочу милдетти аткарат.

"Биометрия, биринчи кезекте, шайлоочуга керек. Добуш уурдоо эмнеге алып келерин 2005 жана 2010-жылдагы окуялар көрсөттү. Биометрикалык маалыматты жасалмалоо абдан татаал. Келечекте мамлекеттик тейлөө кызматына биометриянын 17 функциясын киргизүү каралууда. Бүгүнкү күндө бүтүндөй аалам биометриялык системаны киргизүүгө багыт алды", — деди Сарпашев.

Ал акимдерге жигердүү иштеп, 15-августка чейин шайлоочулардын акыркы тизмесин берүүнү тапшырды.

"Эч ким эс алууга чыкпайт. Эгер эмгек өргүүсү тууралуу арыз жазсаңар ошондон ары кетесиңер", — деди чиновник.

Сарпашев учурда жүрүп жаткан биометрикалык каттоо шайлоочулардын тизмесин аныктоонун, ошону менен эле ички жана тышкы миграция боюнча абалды тастыктап бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0