Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ИИМдин баңгизат боюнча маалыматын четке какты

Жазылуу
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы баңгизаттарына кескин тыюу салуулардан улам, акыркы мезгилде баңгизаттын ордуна Димедрол дарысын ташуу өнөкөткө айланганын билдирди.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Ички иштер министрлигинин түрмөлөрдө жылына 200 килограмм баңгизаты пайдаланылат деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) маалымат кызматы билдирди. 

Көзөмөлдөө жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абак жайлардын комплекси Ысык-Көлдө же Чүйдө курулушу мүмкүн
Учурда аталган ведомствонун мекемелеринде баңгизатка көз каранды 500 адам бар, алар соттун чечими менен милдеттүү түрдө дарылануудан өтүүдө. 

Маалыматка ылайык, мекеме 2008-жылдан бери мындай адамдарды метадон терапиясы менен дарылоо ыкмасын пайдаланып келет. Учурда бул программа менен дарыланып жаткан соттолгондордун саны 212ге жетти. Метадон терапиясынан кийин баңгизатка болгон көз карандылыктын азайганы байкалган.

Мындан тышкары, мекемелерде реабилитациялык борборлор иштейт.

"Борбор алкоголдук жана баңгизат көз карандылыгынан кутулууга, ВИЧ, гепатит илдеттерин жуктуруунун алдын алууга жардам берет. Аталган борбордо жалпы жонунан 106 адам реабилитациядан өтүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат кызматы учурда түрмөлөргө тыштан баңгизат киргизүү каналдарын жок кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп үп жатканы билдирди. Анын алкагында, жарым жыл ичинде мекеме аймагынан 57 грамм баңгизаты, анын ичинен 7 грамм героин алынган.

"Кескин тыюу салуулардан улам, акыркы мезгилде баңгизаттын ордуна "димедрол" дарысын ташуу өнөкөткө айланып, буга жол берген жана катыштыгы бар мекеменин кызматкерлери кызматтан четтетилген", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Буга чейин Ички иштер министрлиги түрмөлөрдө жылына 200 килограмм өлчөмүндө баңгизаты колдонулат деген билдирүү тараткан.

 

 

 

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0