Сариев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйлөрдү көрдү

Жазылуу
Учурда өлкө боюнча УКМК, укук коргоо органдары, аскер кызматкерлери үчүн 1,5 миң квартиралуу көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард 195 миллион сомдон ашык каражат каралган.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги укук коргоо органдары жана коопсуздук кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу менен таанышып жатып, анын сапатына, жашоочулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды
Сариев көп кабаттуу үйлөрдү долбоорлоодо жылытуу системасын жаратылыш газы менен камсыз кылууга ылайыкташтыруу зарылдыгын билдирип, бул жаатта "Газпром-Кыргызстан" компаниясы үзгүлтүксүз газ менен камсыздай турганын белгиледи. Ал өкмөттүн атайын токтомунун негизинде 18 кабаттуу үйлөргө жаратылыш газын киргизүүгө уруксат берилгенин кошумчалады.

Өкмөттүн кабыл алынган токтомунун негизинде, УКМК кызматкерлери үчүн Бишкек шаарындагы "Көк-Жар" кичи районунда тогуз кабаттуу үч үй курула баштаган. Бул үйдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн 243, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 180 жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине 18 батир каралган. Учурда үч көп кабаттуу үйдүн курулушу толугу менен жүрүп, объектилерди август айынын аягында пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Учурда өлкө боюнча УКМК, укук коргоо органдары, аскер кызматкерлери үчүн 1,5 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард 195 миллион сомдон ашык каражат каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0