Күндүн ысыгынан улам, тез жардамга адаттан тыш кайрылгандар болгон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте ысык аба-ырайы. Архив
Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-16-июль күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин ысый турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Тез жардам кызматына аба ырайынын жогорулашынан улам, кан басымы көтөрүлүп кайрылгандар нормадан жогору болбогонун аталган кызматтан билдиришти.

Күндүн ысыгынан кан басымы жогору болгон кишилер көп жабыркайт.

"Күн ысыгандан бери кан басымы жогорулап, тез жардам кызматына кайрылгандар нормадан жогору каттала элек. Күнүнө 5-6 телефон чалуу болот. Бүгүн эртең менентен бери алты чакыруу түштү", — деп билдирди тез жардам кызматынан. 

12-16-июль күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин ысый турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0