Бишкектин мэри Гроздь айылындагы жаңы көрүстөндү көрдү

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов "Дордой" жаңы конушундагы жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Архив
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Дордой жаңы конушундагы жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулматов шаардык бюджеттен 158 миллион сом бөлүнгөн мектептин курулушу менен таанышып, 44 гектар аймакта жайгаша турган шаардык көрүстөндү көрдү.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов "Дордой" жаңы конушундагы жаңы мектептин курулушу жана Гроздь айылындагы көрүстөн аймагы менен таанышып чыкканын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

960 орундуу мектептин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 158 миллион сом бөлүнгөн. Имараттын котлованы 2009-жылы казыла баштаган, бирок, бир катар маселелерден улам курулуш иштери 2014-жылы гана башталган.

Жол оңдоо Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов: жолдогу аң-чөнөктөр сапаттуу оңдолбосо, башыңар менен жооп бересиңер
Бүгүнкү күндө мектептин ички жасалгалоо иштери аяктап, спорт залы курулуп жатат. 

Кулматов курулуш иштеринин сапатына канааттанганын билдирип, имарат жаңы окуу жылына чейин пайдаланууга берилиши керектигин белгиледи.

Андан ары мэр Гроздь айылында курулуп жаткан шаардык көрүстөндү көрүп чыкты. Кулматов Бишкек каада-салттык кызмат көрсөтүү агенттигинин директору Болот Карамуратовго көрүстөндөн орун алуунун системасын жеңилдетүүнү кара чыгуу боюнча тапшырма берди.

44 гектарды ээлей турган көрүстөндүн курулушуна шаардык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0