Кыргызстандыктар эми Хабаровскиден бекер билим алышат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүХабаровск шаары. Архив
Хабаровск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык орто мектептеринин биринде экзамендер өтүп, натыйжада, 17 абитуриент жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Кыргызстандык абитуриенттер тесттен ийгиликтүү өтүп, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик байланыш жолдору университетине өтүшкөнүн "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы кабарлайт.

"Бишкекте 2015-жылдын 8-9-июль күндөрү шаардын орто мектептеринин биринде экзамендер өтүп, натыйжада, 17 абитуриент жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен", — деп айтылат билдирүүдө. 

Хабаровск шаарынын байыркы жогорку окуу жайларынын биринен кыргызстандыктар акысыз билим алып, стипендия жана жатакана менен камсыз болушат.

Июнь айынын ортосунда аталган университеттин эл аралык факультетинин деканы жана "Замандаш" жетекчиси жолугуп, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана Кыргызстандан техникалык адистик боюнча билим алууну каалаган студенттерди кабыл алууга жардамдашуу боюнча макулдашышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0