ЕАЭБ алкагында иштөөгө Кыргызстандагы лабораториялар сентябрда даяр болот

© Sputnik / Табылды КадырбековИлимий кызматкер лабораторияда. Архив
Илимий кызматкер лабораторияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ стандарты менен иштей турган Кыргызстандын лабораториялары дээрлик 100 пайызга даяр, дейт Мамлекеттик инспекция. Болгону экспресс-ыкма менен иштөө үчүн 5,9 миллион долларлык жабдуу жетишпей турат.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялары сентябрь айында толук даяр боло турганын пресс-турдун жүрүшүндө Республикалык ветеринардык диагностика борборунун директорунун орун басары Асан Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, аталган лабораторияларда эт, сүт жана башка азыктар текшерүүдөн өтөт. 

"Эл аралык аккредитациядан өтүп, сертификатка ээ болдук. Бардык продукцияны текшерүүдөн өткөрө алабыз. Болгону толук кандуу жабдык менен камсыз боло элекпиз. 1-сентябрда 5,9 долларлык жабдуу келет, ошондон тарта заманбап экспресс-ыкма менен толук кандуу иштей баштайбыз", — деди Кыдыргычев.

Мамлекеттик инспекциянын маалыматына ылайык, профилдүү лабораторияларды сертификациядан өткөрүүгө 14,2 миллион доллар сарпталган.

Сертификаттарды текшерүүдөгү негизги жумуш КР Бажы кызматы тарабынан жасалды.

"Эми лаборанттарыбыз сапаттуу текшерүү үчүн бардык керектүү нерселер менен камсыздалды", — дейт Маминспекциянын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча директору Самир Осмоналиев.

Кыргызстандын санитардык жана ветеринардык кызматтары ЕАЭБде мактоого арзыды
21-майда Кыргызстан өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу тууралуу келишимди ратификациялаган. КРдин ЕАЭБге киришин Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия парламенттери жактырган.

Сертификациядан өткөрүү боюнча тышкы чек арада биринчи этапта ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүдөн өткөрө турган жети көзөмөл пункту жана Бишкек менен Ошто эки лаборатория иш алып барат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0