Сариев: "Жер-Үй" кенинин иштеши менен Талас дотациядан чыгат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСамосвалдарды жүктөө. Архив
Самосвалдарды жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы энергетикалык маселелерге токтолуп, өкмөт калкты электроэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыларын, 2017-жылдан тарта Талас облусунун 70 пайызы жаратылыш газы менен камсыз болоорун маалымдады.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас районунда жайгашкан "Жер-Үй" кенинин иши менен таанышып, Бекмолдо айыл тургундары менен жолукту. 

Жолугушуу учурунда кенди иштетүү укугун алган "Восток-Геолдобыча" компаниясынын өкүлдөрү комбинат жана жумушчулар шаарчасын куруу планы боюнча маалымат берди. 

Премьер-министр учурда өкмөт өлкөнүн экономикалык туруктуулук өнүгүүсүн камсыздоо боюнча баардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

"Биздин негизги талап — тартипти жөнгө салуу. Мамлекеттин экономикасын көтөрүү үчүн өнөр жайды жөнгө салуу зарыл. Эгер өнөр жай ишканалары иштебесе, элдин жашоосу оңолбойт, ошондуктан баарыбыз бири-бирибизди түшүнүү менен мамлекеттин коопсуздугун, кубаттуулугун, туруктуулугун камсыз кылууга салым кошуубуз керек", —деди Темир Сариев.

Өкмөт башчынын айтымында, Талас облусунун бир жылдык кирешеси – 589 миллион сомду түзөт, ал эми республикалык бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сом бөлүнөт. Мындан улам Талас облусу дотацияда отурганын билдирип, Сариев "Жер-Үй" кенинин иштеши аймакты дотациядан толугу менен чыгара турганын маалымдады.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Таласта эл менен "Жер-Үй" маселесин талкуулайт
Премьер-министрдин айтымында, кенди иштетүүгө уруксат үчүн бөлүнгөн 100 миллион доллар өлкөнүн, анын ичинде Талас облусунун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына жана өнүгүшүнө жумшалмакчы.

Сариев18 айдын ичинде комбинат ишке кирээрин, андагы жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү элден куралаарын билдирди. Ошондой эле өкмөт башчынын билдирүүсүндө, "Жер-Үйдөн" түшкөн каражат авариялык абалдагы мектептерди оңдоого жана кайрадан салууга жумшаларын билдирди.

Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчыБекмолдо айылынын тургундарынын суроолоруна жооп берди. Темир Сариев энергетикалык маселелерге токтолуп, өкмөт калкты электроэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыларын, 2017-жылдан тарта Талас облусунун 70 пайызы жаратылыш газы менен камсыз болоорун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0