Жайлоо бала бакчалары ыктыярчыларды чакырып жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Волонтер болом дегендердин 2015-жылдын 20-августуна чейин фонд менен байланышып, кызматташууга мүмкүнчүлүгү бар.
Жайлоо бала бакчалары ыктыярчыларды чакырып жатат

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду "Жайлоо бала бакчасы" долбоорунун алкагында өлкө ичинде жүргөн жана сыртта жашап, окуп келген ыктыярчыларды чакырат. Бул туурасында аталган фонддун кызматкери Асылбек Жооданбеков Sputnik маалымат сайтына айтып берди.

"Жайлоо бала бакчалары учурда коомдо бир топ кызыгуугуну жаратууда. Бул иште коомго таянып жаткандыктан, ыктыярчыларды чакырып жатабыз. Тоолук балдардын акыл, ой-жүгүртүү жагынан өнүгүшүнө Кыргызстандын ичинде жана сыртта жүргөн мекендештерибиз өзүнүн салымын кошо алат. Биз алар болгон билимин, тажрыйбасын балдарга жумшаса дейбиз", — деди Жооданбеков.

Фонд ыктыярчыларга жаш курагы, билим боюнча чектөө койбойт. Башкысы, каалоосу жана балдарга үйрөтүп, көрсөтө турган билими, шык-жөндөмү болушу керек. 

Жогорку билимдүү болбосо да, кичинекейлерди ар тараптан өнүктүрө турган мастер-класстарды өткөрүп, билгендерин жандуу, кызыктуу кылып көрсөтүп үйрөткөнү маанилүү. 

"Негизгиси — ыктыярчы катары иштеп, биз менен тилектеш болушу. Жашы боюнча чектөөлөр жок, каалаган жараныбыз биздин жайлоо бала бакчаларынын волонтеру боло алат", — деди Жооданбеков.

Анын айтымында, волонтер болом дегендердин 2015-жылдын 20-августуна чейин Фонд менен байланышып, кызматташууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду ыктыярчылык кылууну каалагандарды шилтеме менен кирип, анкетасын калтырса болорун билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0