"Манас Банк" банкрот деп табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСайт ЗАО "Манас Банк". Архивное фото
Сайт ЗАО Манас Банк. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун чечими менен банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттик "Манас Банктын" атайын администратору болуп дайындалды.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. "Манас Банк" консервациялык абалынан чыгып, банкрот деп табылганын Улуттук банктын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү болгон Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун жыйынтыгы менен "Манас Банк" ишканасын акча төлөөгө жөндөмсүз деп таануу чечими кабыл алынган. 

"Соттун чечими менен банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттик "Манас Банктын" атайын администратору болуп дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Сотчунун балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Центеррадагы КРдин 47 млн. сомдук акциясын Онтарио соту камактан бошотту
Сот чечимине жана "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттугу тууралуу" мыйзамына ылайык, шейшемби күнү "Манас Банк" ишканасын консервациялык абалы жоюлуп, администрациялоо процедуралары башталды.

"Манас Банк" ЖАК 2007-жылы түзүлүп, Максим Бакиевдин жакын досу жана өнөктөшү деп саналган латвиялык ишкер Валерий Белакондун ээлигинде болчу. 2010-жылдын апрелде Убактылуу өкмөт банкка тышкы башкаруу киргизип, улутташтырылган мүлк деп тааныган. Валерий Белоконь өкмөттү сотко берип, 16,5 миллион доллар компенсация талап кылган. Онтарионун Жогорку соту  Белоконьдун доо арызынын негизинде Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 20,5 миллион долларлык 6,5 миллион акциясын камакка алып, июнь айында ошол эле сот акция пакетин камактан бошоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0