Рулдун жайгашкан ордун алмаштыруу кымбат туруп калат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРульду текшерүү. Архив
Рульду текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда рулдун жайгашкан ордун алмаштыруу үчүн 900-1200 доллар жумшаларын эксперттер белгилешүүдө. Бирок муну менен бирге унаанын чыккан жылына жараша машинага керектелчү тетиктердин кошкондо беш миң долларга чыгып кетиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда жол кыймылы оң жактуу.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Өткөн ишемби күнү премьер-министр Темир Сариев оң рулдуу унаалардын көйгөйүн рулду сол жакка алмаштыра турган стационардык ишканаларды куруу менен чечүүгө болорун айткан. Буга байланыштуу Sputnik агенттиги алмаштыруунун маани-маңызын жана баасын аныктап көрүүгө ниеттенди.

Оң рулдуу автоунаалардын каттоо мөөнөтүн алып салуу сунушталууда
Адистер унаанын рулун алмаштыруу андай деле татаал эместигин айтат. Баасына караганда анын жоопкерчилиги чоңураак. Руль алмаштыруу үчүн ар бир уста унааны даярдап чыгарган заводдон окуп, технологиясы менен таанышуусу керек. "Узунунан кеткен түз тигиштер" сыяктуу ширетүү иштери бул жерге жарабайт, анткени машинанын чанагынын металлы токтоткондо же ылдамдыкты жогорулатканда чачырап кетпегидей анык эсептелген. Демек, кадимки ширетүү айдоочунун өмүрүнө коопчулук жаратат. 

Адис Григорий Шалимовдун пикиринде, руль алмаштырууда алгач мотордун тышындагы унаанын алдыңкы бөлүгү ажыратылат. Машиналарда тик тартмалар үчүн заводдун өзүнүн белгилери бар. Алардын баарын толугу менен алмаштыруу керек. Муну менен бирге алдыңкы бөлүгү алмаштырылып, рейкалар орнотулат. Андан кийин руль колонкасы орнотулуп, панелди кармап турган корсет коюлат да, машинаны куроо башталат. Мында оң рулдуу унаалардын деталдары жарабай турганын эске алуу керек. 

Руль алмаштыруунун зарылдыгы

Интернетте ЖК депутаттарынын бири Кеминде руль алмаштыруу боюнча завод ачып жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Иштин өзү 600-700 долларга бааланууда, бул бүгүнкү күндө арзан деп саналат.

"Эгер өкмөт оң рулдуу автоунааларды колдонууга тыюу салса, завод бекер жерден курулуп жатпаганын түшүнүүгө болот. Мындан тышкары, буга чейин руль алмаштырып көрбөгөн усталар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыга баштайт. Мага да бул тууралуу сунуш түшкөн, бирок мени мыйзам эртең коргой албаса, менин келечегиме эч ким кепилдик бере албайт", — дейт Шалимов.

Анын айтымында, руль маселеси, өзгөчө такси айдоочулардын арасында байма-бай көтөрүлүп туруучу маселеге айланат. Анткени таксинин басымдуу бөлүгү — оң рулдуу автоунаалар, айдоочуларга майды аз жеген машина ыңгайлуу дейт адис.

Сариев оң рулдуу автоунаада жүк ташуунун жолун тапты
Михаил (аты өзгөртүлдү) Японияда руль алмаштыруу менен алектенип келген. Ал анын негизги кардарлары казактар менен беларустар болгонун айтат. Кыргызстандыктар кайрылган эмес, анткени бир жыл мурун оң рулдуу автоунааларга уруксат күчүндө болчу.

Экинчи бир эксперттин пикиринде, Кыргызстанда Mercedes, BMW жана Volkswagen маркасындагы машиналардын рулун алмаштыруу кеңири жайылган. Анткени алардын аналогдору бар.

Коңшу Казакстанда унаанын башкаруу механизмдерин алмаштыруу боюнча расмий уруксат менен төрт ишкана иштейт. Ошол эле жерден иштетип текшерүүдөн өткөрүп, кепилдик да алууга болот.

Эксперттер рулу алмашкан унааны анын чанагынын номери жана техпаспорттогу маалымат боюнча билүүгө болот. Оң жана сол жактарды белгилей турган атайын сандар бар, ошону менен бирге эле бул сандар аркылуу унаанын кайсы мамлекеттен чыкканын аныктоого болот. Бирок адистер бул сандарды оңой эле жасалмалап алууга да боло турганын белгилешет. Мында унаанын баштапкы башкаруу механизмин аныктоо оорчулук жаратат.

Иштин мыйзамдуулугунан бизнес ачууга чейин

Шалимов Японияга барып атайын окуудан өтүүгө 150 миң доллар керектеле турганын билдирди. Өзү бул иштин сырларын Алматыда Япониядан окуп келген адамдан үйрөнүп алган. Япониядан окуп келген адамга башкаларды окутууга укук берген лицензия тапшырылат.

Оң рулдуу автоунаа ээси менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч күндүн ичинде эле Бишкекте 813 оң рулдуу автоунаа катталган
Шалимов Казакстанда моторчу болуп иштеп келген, быйыл Кыргызстанга кайтууга белсенип жатканын билдирди. Руль алмаштыруу боюнча ишкана ачууда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан бир катар тоскоолдуктар жаралган. Мындай ишмердүүлүккө Кыргызстанда тыюу салынган деген жүйө менен ага ишкана ачууга уруксат берилген эмес. Бул төрт ай мурун болгон окуя.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов унаанын рулун алмаштыруу боюнча ишмердүүлүккө мыйзам жол бере турганын белгиледи. Анын айтымында, ар бир жарандын тандоо укугу бар.

"Унаа оң рулдуу болуп жаралса, ал ошол боюнча калышы керек. Бирок алмаштыруу муктаждыгы жаралса, баары устанын чеберчилигинен көз каранды", — дейт Сейитов.

Республикалык жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко ишмердүүлүктүн бул түрүнө мыйзам тарабынан чек коюлбай турганын айтты. Анын пикиринде заманбап унаалардын түзүлүшү абдан татаал. Андыктан Дьяченко руль алмаштыруунун кесепети оор болушу мүмкүн деп эсептейт. 

Руль алмаштыруу менен алектенүүгө тыюу салынбаганы менен ага уруксат берген тийиштүү сертификат да берилбейт. Дьяченко бул укуктук-ченемдик актыларда каралбаганын белгилеп өттү.

Кыргызстандагы руль алмаштыруунун наркы

Шалимов руль алмаштыруу ишин түйүндүү маркетинг түрүндө элестетет. Мисалы, руль алмаштырып кеткен айдоочу дагы эки адамды алып келиши мүмкүн. Алар өз кезегинде дагы бир топторду ээрчитип келишет.

Жеңил унаалардын рулун алмаштыруу 900 доллардан башталат. Адистер кымбаттыгынан улам машинанын нукура тетиктерин табуу кыйындыгын белгилешет. Негизинен алар Литвадан алынат.

"Фирмалык дүкөндөрдүн жоктугунан Кыргызстанда кытайдын үч сортко бөлүнгөн тетиктери сатылат. Бизге биринчи сорту келбейт. Ал эми руль алмаштыруу үчүн сапаттуу тетиктерди заказ кылуу кажет", — дейт эксперт.

Архив: Бишкек шаары - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 2016-жылдан баштап оң рулдуу автоунаалардын жүргүнчү ташуусуна тыюу салынат
Адистердин баасы боюнча 35-чанактагы 10 миң доллар турган Toyota Camry машинасынын рулун алмаштыруу 1200 доллар болот, ал эми рейка, руль колонкасы, вакуумник, токтотуучу системасы сыяктуу негизги агрегаттар менен кошо алмаштырса беш миң долларга чыгат. 

Эксперт руль алмаштыруу унаа баасынын 50 – 70 пайызын түзүшү толук мүмкүн экенин белгилейт. Эгер машинаны беш миң долларга сатып алса, анын рулун алмаштыруу үчүн 2,5 – 3,5 миң доллар сарпташы ыктымал.

"Бир жолу мага 2012-жылы чыккан Toyota Harrier машинасынын ээси кайрылды. Унаа 15 миң доллар турат, рулун сегиз миң долларга алмаштырды. Бул акчанын үстүнө дагы бир эки миңдей доллар кошуп сол рулдуу машина сатып алганы жеңил болмок", — дейт уста.

Руль алмаштыруудан кийинки тобокелчилик

Эксперт сапатсыз жасалган нерседен бардык нерсени күтүүгө боло турганын белгиледи. Жүрүп баратканда рулу, тормозу же электроникасы иштебей калышы мүмкүн.

"Форумдан трассада кетип бараткан унаанын рулу иштебей калганын окугам. Кудай жалгап жолдо башка машина болбой, айланасы ээн талаа экен. Көрсө, унаанын рулу алмашыптыр", — дейт Шалимов.

Албетте, руль алмаштырууга жалпы жонунан усталардын баары эле оң көз карашта. Шалимовдун айтымында, иш бир жарым айда жасалат, анын эки жумасы бөлүп-чогултуу иштерине кетет, ошончо эле убакытта айдап текшерилет. Усталар рулу алмашкан унааны жай, катуу, тоолуу жерлерде айдап сынашат.

"Уста өз ишин текшергенден кийин гана ээсине өткөрүп бериши керек. Болбосо, мунун кесепети абдан оор болуп калышы мүмкүн", — дейт Шалимов. Мындан тышкары, анын пикиринде руль алмаштырып жаткан уста унаанын майда-чүйдөсүнө чейин мыкты билиши зарыл.

Кыргызстанда жол кыймылы оң тараптуу. Февралда президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү 3-июнга туура келген. Ал эми 2016-жылдын 1-январынан баштап аталган унаанын түрү менен коммерциялык жүк ташыган айдоочуларга айып пул салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0