Микроавтобустардын 44 айдоочусу гана жол эрежесин жакшы билет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКесилиштеги светофор. Архив
Кесилиштеги светофор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейд шаар көчөлөрүндөгү жол кыймылын жакшыртуу, жол кырсыгын алдын алуу, жүргүнчү ташыган унаа каражаттарын көзөмөлдөө үчүн жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Бишкекте 9-июлга карата жол эрежеси боюнча маршруттук таксинин 44 айдоочусу экзамен тапшырганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Бишкекте жол эрежелерин эң көп бузуучулар - маршруттук такси айдоочулары
Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматы 30-июндан тарта "Жүргүнчү ташыган унаа" аттуу рейд өткөрүлүп, натыйжада  абалы начар 201 микроавтобус унаа токтотуучу жайга киргизилген. Мындан тышкары, 119 айдоочу жол эрежеси боюнча кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, 6-9-июль күндөрү 44 айдоочу экзамен тапшырды. Жол эрежеси боюнча билимин текшертүү мөөнөтү чектелбейт. Өтпөй калган айдоочулардын экзаменге экинчи ирет кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 

Рейд шаар көчөлөрүндөгү жол кыймылын жакшыртуу, жол кырсыгынын алдын алуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа каражаттарын көзөмөлдөө үчүн жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0