Үркүн жөнүндө кыргыз жазуучуларынын чыгармалары кайрадан басылып чыгат

© Sputnik / Рудольф Алфимов / Медиабанкка өтүүКитеп чыгаруу. Архив
Китеп чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үркүн окуясынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар, илимий конференциялар күздөн тарта өткөрүлө баштайт.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев Үркүндүн 100 жылдыгына карата окумуштуулар тарабынан бир нече иш-чаралар белгиленип жаткандыгын Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

"Кыргыз адабиятынын бардыгында Үркүн окуясы чагылдырылып келген. Кийинки муундар бул окуяны билбей калды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында да аларды кайрадан басууну пландап жатабыз. Булар Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдары", Мукай Элебаевдин "Узак жолу", Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна", Касымалы Баялиновдун "Ажар" чыгармалары", — деди Акматалиев.

Кыргызстандын тарыхында маанилүү делген бул окуя туурасында Улуттук илимдер академиясында бир топ тарыхый кол жазмалар сакталып тургандыгын айтты.

"Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда Үркүнгө байланыштуу бир топ документтер бар. Андан сырткары, илимий конференцияларды уюштуруп, архивдик материалдарды жыйнап, аны өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу ойлорубуз бар. Конференцияларды, иш-чараларды күз айынан тарта өткөрүп баштайбыз", — деди Акматалиев.

Май айынын соңунда президент Алмазбек Атамбаев "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анын алкагында бир нече иш-чаралар белгиленип, илимий конференциялар уюштурулуп, Үркүндү кеңири эскерүү белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0