Кичиавтобустардын айдоочулары экзаменди кайта тапшырмайын иштей алышпайт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМаршруттук такси. Архив
Маршруттук такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулардын автоунаалары жана айдоочулук күбөлүктөрү жол кайгуул кызматында болот, башкача айтканда, алар убактылуу болсо да, жумушка чыгарылбайт.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Маршруттук таксилердин айдоочулары жол эрежелери боюнча экзаменди кайта тапшырмайын каттамдарга чыга албай турганын Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Кичи автобусту башкаруучу 119 айдоочунун 10у гана жол эрежеси боюнча экзаменден өткөн
"Жүргүнчү транспорту" аттуу рейд учурунда Жол кайгуул кызматынын инспекторлору маршруттук таксилердин 119 айдоочусун экзаменди кайта тапшырууга жөнөткөн. Бирок алардын ичинен 10у гана экзаменди тапшыра алган.

Жол кайгуул кызматынан баса белгилешкендей, 109 айдоочу экзаменди кайта тапшырмайын каттамга чыкпайт. Алардын автоунаасы жана айдоочулук күбөлүгү Жол кайгуул кызматында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0