Нарында ачкачылык жарыялагандар Чыныбай Турсунбеков менен жолукмай болду

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында 6-июлдан бери ачкачылык жарыялаган майыптардын бир нече коомдорунун өкүлдөрү тарап кетишти.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Нарын шаарында өткөн 4-республикалык "Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү" фестивалынан түшкөн каражаттардын отчетун талап кылып, нааразычылык акциясына чыккандар Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен жолуга турганын шаар мэриясы билдирди.

Нарындык дарыгерлер айлык азайгандыктан, ашыкча иштебей тургандарын билдиришти
Учурда митингчилер тарап кетишти.

Нарын шаарында майыптардын бир катар коомдору 3-июлда өткөн фестивалдан түшкөн каражаттын отчетун "Мүмкүнчүлүк" коомдук уюмунун башчысы Улукбек Букарадиновдон талап кылып жатышкан. Алар Букарадиновду 91 миң сомду жеп алды деп айыпташууда.

Улукбек Букарадиновдун айтымында, ага коюлган доонун баары негизсиз жана орунсуз. Себеби ал фестивалды өз күчү менен өткөрүп, уюштуруу иштерин өзү жасаган."Алар менден акча өндүрүү үчүн эле ушундай айыптоолорду коюп жатат. Концерт боюнча бизге отчет бер деп да талап кылышууда. Алар концертти өткөрүүгө жардам беришпесе, деги эле ага тиешеси жок болсо, мен аларга эмнеге отчет берем. Мен бере турган отчетту тийиштүү жактарга – демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө берип жатам", — деди ал.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Нурлан Кайыповдун айтымында, нааразычылык акциясына чыккандар менен мэр Рахат Адиев сүйлөштү.

"Шаар мэри акцияга чыккандар менен жолугуп, алардын талабы мыйзам чегинде чечилиши керектигин айтты. Нааразычылык билдиргендер бүгүн Нарын шаарына келе турган Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен жолуктурууну өтүнүштү. Мэрия жолугушууну уюштуруп бермей болду", — деди ал.

Митингге чыккандар бүгүн түштөн кийин тарап кетишкенин мэриядан кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0