Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын төрагалары бүгүн жолугат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшенбиев. Архив
Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшенбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткенде кыргыз-тажик Мамлекеттек Чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы абалды талкуулайт.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Баткенде бүгүн Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшенбиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси менен жолугат. 

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айбалаев: Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн үйлөрдү, жерлерди алмаштыруу менен чечсек болот
Жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларындагы абалды талкуулашат. Андан сырткары, эки тарап аталган жаатта коопсуздукту камсыздоо боюнча өз ара кызматташууну сүйлөшөт.

Баткен облусунун Баткен районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-июлда куралдуу кагылыш болуп, бир тажик жараны көз жумган. 

7-июлда Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Тажикстан президентинин жардамчысы Шералы Хойруллоев менен 6-июлда Баткендеги чек ара чатагынын себептерин талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0