Айбалаев: Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн үйлөрдү, жерлерди алмаштыруу менен чечсек болот

Жазылуу
Кыргыз бийлиги жыл башында Кыргызстан Тажикстан менен биргеликте чек арадагы талаштуу 58 жерди талкуулай тургандыгын маалымдаган.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Баткен облусундагы чек ара маселесин чечүү боюнча бир нече варианттарды Sputnik маалымат сайтына айтып берди.

Чек ара тактачасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасынын аймагында 6-июлда эки чатак чыккан
Акыркы жарым жылдын Баткен аймагындагы Өзбекстан, Тажикстан чек араларында бир нече ирет ок атылып, алды көз жуумп, арты ооруканага түштү. Чек ара боюнча акыркы чыр кечээ, 6-июлда кайрадан Баткен аймагында болду. Кыргыз бийлиги жыл башында Кыргызстан Тажикстан менен биргеликте чек арадагы талаштуу 58 жерди талкуулана тургандыгын маалымдаган. Бир катар аймактардагы делимитация иштери аягына чыкпай, ал эми чек араларды курал үндөрү жаңырууда.

Бул жаатта аталган аймакта губернатор болуп турган учурда чек ара маселесин жөнгө салып, чыр-чатактардын алдын алып, абалды жөндөп келген Айбалаевди сөзгө тарттык. Ал чек ара ачык болгондуктан чыр-чатактар жаралып жаткандыгын, тажик жарандары Кыргызстандын чек арачыларынын боштугунан пайдаланып, чек араны бузууга бара берет. Маселенин чечүүнү жолдорунун бири — үйлөрдү башма-баш алмаштыруу.

"Баткен районун Көк-Таш деген айылы бар, кыргыздар менен тажиктер аралашып, анда шахмат сындуу жайгашып, отурукташкан. Кээ бир жерде Тажикстандын ичине кирип кеткен кыргыз үйлөрү турат. Ошол жердеги тажиктер менен акылдашып, маселени чечүүнү бир жолу үйлөрдү башма-баш алмаштыруу. Ал жердеги ар бир үйдү караштырып көрүп, ар бир үйдү алмаштырып, көчүрүп отуруп, Көк-Таштан толугу менен тажиктерди чыгарып, чек араны бекитүүгө болот. Толук чыгаргандан кийин аралаш жашабай калганда чек ара бекийт", — деди Айбалаев. 

Баткендин мурдагы губернатору Кыргызстанга Тажикстан аймагынан таптакыр көчүп келип жаткан этникалык кыргыздардын жерин эске алып, айырбаштоо вариантын айтат. 

Анын айтымында Тажикстандын Исфара, Канибадамдын шаарларынын тегерегинде бир топ кыргыз айылдары бар, алардын жери маселени чечүүнү бир жолу. 

"Акылдашып, Көк-Ташта, Мачаи айылдарындагы, Ворух анклавындагы аралаш жерлерди Кыргызстанга өткөрүү керек. Мургаб, Кара-Тегин, Жерге-Талдагы кыргыздар Чүйгө миңдеп көчүп келген жана келип жатат. Алар жерлерин ошол жакка таштап кетип жатпайбы. Ошол этникалык кыргыздардын жерин Тажикстанга "силер алгыла" деген вариантты сунуштоо керек. Бул маселени толугу менен ийне-жибине чейин билип, иликтеп чыккандан соң, тажиктер менен сүйлөшүп, ушул жолго барбасак бул кайталанып жана барган сайын таалданат", — дейт экс-губернатор.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан бир тажик жараны жабыркады
Айбалаев чек ара маселелерин түп-тамырынан бери чечилмейинче деле эки өлкөнүн жарандарына түшүндүрүү жолу менен чыр-чатактын алдын алууга болорун айтты.

"Кыргыздар, тажиктер деле мыйзамды сыйлаган эл. Чек арага жакын жашаган элге жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек арага жакын жашаганда кандай жүрүү, кайсы эрежелерди бекем сактоо керектигин кулагына куюп турса, эл барбай эле коет. Бирок, район, айыл өкмөттөрү, чек ара кызматы, башы кызматты түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктүн кесепетинен, жоопкерчиликсиздиктин аркасында мындай абал жаралып жатат",— деди Айбалаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0