Кызыл-Кыяда жалпы узундугу 110 метр болгон эки көпүрө курулду

© полпредство правительства Баткенской областиБаткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кара козу айылында бир миллион сомдой каражатка эки көпүрө бүткөрүлдү.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кара козу айылында бир миллион сомдой каражатка эки көпүрө бүткөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайдын эки өйүзүндө орун алган бала бакча, мечит жана үй-жайлардын коопсуздугун сактоо максатында көпүрө куруу демилгеси көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кара козу айылында бир миллион сомдой каражатка эки көпүрө бүткөрүлүп ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Чөнтөктөгү акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көпүрө курган ишкана эки миллиондон ашык сомду ашык эсептегени анык болду
Маалыматка ылайык, бир көпүрөнүн узундугу 50, экинчиси 60 метрди түзөт.

Кара козу айылынын так ортосунан Жал сайы өтөт. Бул жерде жаз, жай мезгилдеринде келген сел өзгөчө кооптуу экенин өкүлүчүлүктүн маалымат кызматы баса белгилейт.

Сайдын эки өйүзүндө орун алган бала бакча, мечит жана үй-жайлардын коопсуздугун сактоо максатында көпүрө куруу демилгеси көтөрүлгөн.

Бул көпүрөлөр табият кырсыктарынан коргонууда, жергиликтүү калктын коопсуздугун сактоодо чоң жардам берет деп жергиликтүү тургундар ишенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0