Жүк ташуучу унаалар үчүн жол кыймылына убактылуу чектөө коюлду

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүОор жүк ташуучу автоунаалар. Архив
Оор жүк ташуучу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мында абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда 24 тоннадан ашык жүгү бар унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Ири жүк ташуучу унаалар үчүн жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилгенин Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-казак чек арасындагы өтүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө төлөм алынып жатканына нааразы
Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү автожолдорду сактоо жана аларды пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында министрдин тийиштүү буйругу чыккан. 

Ага ылайык, 2015-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин эртең мененки 9.00дөн баштап кечки саат 20.00гө чейин Кыргызстандын бардык аймагында жалпы пайдалануудагы жолдор менен өтүүчү жүк ташуучу машиналардын жол кыймылына чектөө коюлат. Мында тыюу абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда 24 тоннадан ашык жүгү бар унаалар үчүн салынат. 

Министрликтин алдындагы ири салмакты көзөмөлдөө департаментине калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ал эми жол чарба департаментине жолдорго тийиштүү белгилерди коюу тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0