"Азия MIX" КВН командасы экинчи ирет "Астана кубогун" утуп алды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКВн оюну. Архив
КВн оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азия MIX" командасынан тышкары, мелдешке "Детективное агентство "Лунный свет", "Плохая компания", "Спарта", "Триод и диод" сыяктуу бир катар командалар катышкан.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. "Азия MIX" КВН командасы Казакстанда өткөн "Астана кубогу" эл аралык фестивалда жеңишке жетишкенин Sputnik агенттигине топтун мүчөсү Ростислав Ященко билдирди.

"Астана кубогу" ишемби күнү өттү. Фестивалды Александр Масляковдун кичүүсү алып барды. Калыстар тобунун курамына Сангаджи Тарбаев, Михаил Галустян жана КВНдин ар мезгилиндеги атактуулары кирген.

Ященконун айтымында, "Астана кубогуна" КВНдин Жогорку лигасынын алдыңкы командалары чакырылат.

"Быйыл "Азия MIX", "Детективное агентство "Лунный свет", "Плохая компания", "Спарта", "Триод и диод" сыяктуу командалар катышты. Бирок биз баарынан мыкты болдук", — дейт топ мүчөсү.

Ященко бул жолу "Юмор" темасындагы жаңы программа тартууланганын кошумчалады. 

"Бул аябай абройлуу кубок. Мен экинчи жолкусуна да катыша албай калдым, балким бул да команданын жеңишке жетишине түрткү болгондур", — деп тамашалады квнчи.

Ал команда бир жумадан кийин 18-19-июль күндөрү Светлогорск шаарында өтө турган "Голосящий КиВиН" музыкалык фестивалына катышарын белгиледи.

"Өз номерлерин 20дан ашуун компания тартуулайт, б.а., тамашалуу ырдашат. Биз дагы бир нече орчундуу номерлерди даярдап койдук, мыктылары гала-концертте коюлат", — дейт топтун мүчөсү.

Ященко фестивалды жай аягына чейин "Биринчи каналдан" көрүүгө болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0