Кыргызстандын аскер күчтөрү Баткен чек арасында машыгуу өткөрөт

Жазылуу
Баткендеги машыгууда Башкы штаб менен Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы аскердик,атайын аба жана жерде жүрүүчү заманбап техникалар колдонулмакчы.

БИШКЕК, 5-июль — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы 22-24-июлда КРдин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен биргелешип атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн окуусун өткөрөт. Бул туурасында чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кант авиабазасында жайгашкан тез учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия менен Кыргызстан аскерлери биргелешкен машыгуудан өтүшүүдө
Командалык-штабдык тактикалык машыгуулар эки баскычта өтөт. Биринчисинде Бишкектен туруп он-лайн ыкмасы менен Баткендеги чек ара отряддарынын полигондо жайгашкан бөлүктөрүнүн даярдыгы көрсөтүлөт. Ага Башкы штабдын жана Чек ара кызматынын жетекчилери, Коргонуу кеңешинин, өкмөттүн аппаратынын, ЕККУнун мүчөлөрү катышат.

Машыгуунун экинчи бөлүгү Баткен полигонунда өтүп, анда мамлекеттин аймагындагы абалды курчутуу максатында кирүүгө аракеттенген күчтөргө каршы биргелешкен чек ара операциялары мисал иретинде көрсөтүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы штаб менен Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы аскердик, атайын аба жана жерде жүрүүчү заманбап техникалар колдонулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0