Сариев: Үркүндү эскерүү менен урпактык милдетти аткарышыбыз зарыл

Жазылуу
Өкмөт башчысы Бишкек мэриясы менен Маданият министрлигине 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Бишкекте тургузулчу эстелик боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүп, анда бул багытта аткарылып жаткан иштер жана даярдыктар талкууланды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сариев бул окуяларды өз деңгээлинде белгилөөгө өкмөт чоң маани берерине белгилеп, бул багыттагы иштерди кечиктирбестен аткаруу зарылдыгын билдирди.

"1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздагы кайгылуу окуя гана эмес, кыргыз элинин эркиндикке умтулуу күрөшү катары бааланышы керек. Учурда биздин астыбызда жарандык, урпактык милдет турат. Биз каргалашуу окуялардын 100 жылдыгын татыктуу эскерүү менен бул милдетти аткарышыбыз зарыл", — деди премьер-министр. 

Сариев 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча бирдиктүү аракет болушу керектигин айтып, бул багытта түзүлгөн коомдук комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик комиссиянын курамына киргизилгенин кабарлады.

Ат жетелеген киши тоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Үркүндүн 100 жылдыгына карата Жарлык чыгарды
Өкмөт башчысы эскерүү иш-чараларын өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө өз алдынча иш-план иштеп чыгууну тапшырды. Бишкек шаардык мэриясы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Бишкекте тургузулчу эстелик боюнча ишти тездетүүнү айтты.

Жыйын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн бир нече сунушу угулуп, 1916-жылдагы каргашалуу окуянын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-планга толуктоолор киргизилди.

Май айынын соңунда президент Алмазбек Атамбаев "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Анын алкагында бир нече иш-чаралар белгиленип, илимий конференциялар уюштурулуп, Үркүн кеңири эскерилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0