Укук коргоочулар акыйкатчы болууга талапкерликтерин көрсөтүүгө даярданууда

Жазылуу
Бир катар укук коргоочу жана жарандык активисттер 2013-жылы күчтөрүн сынап, бирок тилектерине жетпей калышкан.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. 25-июнь күнү акыйкатчынын орду бошоду. Депутаттардын көпчүлүгү Бакыт Аманбаевдин жасаган ишин канааттандырбай, аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда четтетишкен.

"Акыйкатчы жөнүндө" КРдин мыйзамына ылайык, жаңы акыйкатчы бир айдын ичинде шайланышы керек.

Вешалка для одежды - Sputnik Кыргызстан
Парламент жаңы акыйкатчы издөөдө
Мыйзам боюнча талапкер көрсөтүүгө бардык фракция укуктуу. Мында ар бир фракция үч талапкерге чейин көрсөтө алат. 

Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөсү Абдыманап Кутушевдин айтымында, фракциялар учурда талапкерлерди талкуулашууда, бирок бири да анык бир адамдын атын атай элек.

2013-жылы акыйкатчы болом дегендердин саны 50дөн ашып, алардын ичинде Жогорку Кеңеш депутаттары, белгилүү укук коргоочулар, жада калса, жумушсуздар да болгон. Алардын айрымдары дагы бир ирет ат салышып көрүүнү чечти.

Атыр Абдрахматова, укук коргоочу:

— Өткөн жолу азыркыга караганда мүмкүнчүлүгүм жогору болчу. Бул биринчиден менин укук коргоочулук ишиме байланыштуу деп ойлойм. Буга чейинки шайлоодо өзүмдү өзүм көрсөтсөм, мында досторум, кесиптештерим колдоп жатышат. Мен арызымды беш фракциянын баарына жөнөтөм, балким бирөөсүнө менин программам жагып калар.

Нурбек Токтакунов, "Прецедент" өнөктөштүк тобунун укук коргоочусу:

— Мен КР акыйкатчысы болууга даярмын, бирок менин мүмкүнчүлүгүм өтө аз. Эгер фракциялар менин талапкерлигимди көрсөтсө, мен кубанычта гана болом. Анткени мен бул ишке даярмын, аны кантип уюштуруу керектигин билем. Жарандык коомчулукка талапкер көрсөтүү укугун берсе жакшы болмок. Мисалы, мен Чолпон Жакупова, Рита Карасартова, Атыр Абдрахматова сыяктуу адамдарды колдомокмун. Татыктуу адамдар көп!

Асия Сасыкбаева, ЖК депутаты, "Ата Мекен" фракциясы:

— Бу жолу мен шайлоого катышпайм. Учурда биздин фракцияда талапкерлер талкууланып жатат. Азырынча алардын атын атай албайм.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

— Өткөн шайлоодо мен талапкерлигимди өзүм көрсөткөм. Быйыл мыйзамдар өзгөрдү. Фракциялардын колдоосу зарыл. 

Жаңылыктар түрмөгү
0