Атамбаев Назарбаевди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады

Жазылуу
Казак президенти тилектештик мамилелердин өнүгүшү жана эки мамлекеттин ортосундагы достуктун чыңдалышы үчүн сыйланды.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев казак кесиптеши Нурсултан Назарбаевди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлаганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын президенти тилектештик мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө, ошондой эле кыргыз-казак эл достугунун чыңдалышына кошкон салымы үчүн сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0