Алыкулдун поэзиясы боюнча ыр кесени президенттин аппараты кабыл алды

© Фото / пресс-служба посольства КР в РФАлыкул Осмоновдун китептери. Архив
Алыкул Осмоновдун китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппаратынын кызматкерлери Алыкулдун 100 жылдык юбилейине арналган роликке ыр тандоого киришти.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Алыкулдун 100 жылдык юбилейи боюнча Sputnik сайты баштаган эстафетаны президенттин аппараты 5-каналдан кабыл алды. Аппараттан көркөм окуу үчүн акындын ырларын тандоо башталгандыгын билдиришти.

Алыкулдун жүз жылдыгы: Sputnik сайтынын эстафетасы КР президентинин аппаратына жетти
Sputnik Кыргызстан эл аралык хабы 2015-жылдын 24-мартында Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштаган.

Долбоордун алкагында Sputnik Кыргызстан сайтынын жамааты Осмоновдун ырын окуу кезегин кесиптеш журналисттерге социалдык тармактан узатышкан. Бул жакшы саамалык жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан бир дем менен кабыл алынып, ага радио, телеканалдар, интернет басылмалар активдүү катышкан. 

Ыр кесе кезеги соңку ирет өлкөгү телеканалдардын бири — 5-каналга жеткен. Алар жооп иретинде журналисттердин көркөм окуусундагы видеороликти даярдап, КР президентинин аппаратына узаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0