Алыкулдун жүз жылдыгы: Sputnik сайтынын эстафетасы КР президентинин аппаратына жетти

© Channel 5.kg5-каналдын видеосунун ютубдагы сайтынын бетинен тартылган сүрөт. Архив
5-каналдын видеосунун ютубдагы сайтынын бетинен тартылган сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыкулдун жүз жылдыгына карата Sputnik маалымат сайты белгилүү адамдардын көркөм окуусундагы Алыкулдун ырларынан турган роликтер сериясын тартып, ыр кесени жалпыга маалымдоо каражаттарына узаткан.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Бешинчи канал Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган ыр кесени КР президентинин аппаратына сунду.

24-мартта Sputnik маалымат сайты Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштап, ыр кезегин vb.kg. интернет-редакциясынын жамаатына узаткан. Ошентип, Кыргызстандын журналисттер жамааты улуу акындын ырларын кезеги менен окуп, бири-бирине узатуу саамалыгы уланган.

Кезек өлкөдөгү 5-каналга жетип, алар "ЭлТРден" алган кезекти КР президентинин аппаратына узатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0