Президент "Азия MIX " командасына миллион сом берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада эл аралык сынактарда Кыргызстандын атынан катышып, байгелүү орундарды ээлеген Айыма Айылчиева, Омар, Жан Воинов, "Willbe", "Тумар КР" бий топтору жана "Азия MIX" КВН командасы өз өнөрүн көрсөттү.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Азия MIX " КВН командасына бир миллион сомдук сертификат бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

КВН. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын капитаны: сахнага палоо алып чыгууну Масляков сунуштады
30-июнда премьер-министр Темир Сариев "Абитуриент-2015" салтанаттуу концертине катышты. Өкмөт башчысынын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага ЖТРдин жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алган окуучулар, мектеп жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жана баш калаанын тургундары катышты.

Маданий иш-чарада эл аралык сынактарда Кыргызстандын атынан катышып, байгелүү орундарды ээлеген Айыма Айылчиева, Омар, Жан Воинов, "Willbe", "Тумар КР" бий топтору жана "Азия MIX" КВН командасы өз өнөрүн көрсөттү.

Концерттин жүрүшүндө Сариев бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, "Азия MIX" КВН командасына президент Алмазбек Атамбаевдин атынан бир миллион сомдук сертификат тапшырды. 

"Сиздер талыкпаган эмгек жана келечекке ишеним аркылуу көптөгөн ийгиликтерге жетише аласыздар. Ийгилик өзүнө ишенип, баш көтөрбөй эмгек кылган адамдарды жандайт. Буга далил катары бүгүнкү концертке катышып жаткан, өз эмгеги менен эл аралык ар кыл сынактарды багынткан жаштарды келтирсем болот", —деди Темир Сариев.

"Азия MIX" командасынын оюнчулары мындай колдоого ыраазычылык билдирип, Эл аралык КВН оюнунун Жогорку Лигасында байгелүү орунду ээлөөгө бардык аракетин жумшай турганын убада кылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0