Атамбаев: Кыргызстан "Манас" аэропорту боюнча сунуштарды кароого даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный аэропорт "Манас". Архивное фото
Международный аэропорт Манас. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү аэропорттун базасында мультимодалдык унаа-логистикалык борбор ачууну көздөйт.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Кыргызстан бир жыл мурун АКШ аскердик базасы чыгып кеткен "Манас" аэропортунда жарандык авиациялык хаб түзүү боюнча кызматташуу тууралуу сунушту кароого даяр экенин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Sputnik маалымат сайтына берген маегинде билдирди.

Архив: аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Диль: өкмөт "Манас" аба майданын сатуудан баш тартты
Былтыр жай айында Кыргызстан президентинин талабы менен "Манас" аэропортунда 2001-жылдан бери иштеп келе жаткан АКШ аскердик базасы жабылган. Кыргыз өкмөтү аэропорттун базасында мультимодалдык унаа-логистикалык борбор ачууну көздөйт.

"Аэропортту жарандык хаб катары өнүктүрүүнү максаттап жатабыз. Бул боюнча кызматташуу сунуштарын кароого даярбыз. Биз сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзөбүз", — деди Атамбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0