ЖК Россияда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачууну талкуулоодо

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачууга 20 млн сом зарыл.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Жогорку Кеӊеште КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Министр Айбек Азыранкуловдун айтымында, министрликтин Россияда өкүлчүлүгүн ачуу жана анын ишин жолго салуу үчүн жумшала турган 20 млн сом өлчөмүндөгү каражат республикалык бюджетте каралган. 

Өкүлчүлүккө Россия аймагында иштеген эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо милдети жүктөлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0