Аялдарга жана жаш курагы жете электерге мунапыс жарыяланат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАялдардын түрмөсү. Архив
Аялдардын түрмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирип, алты айдын аралыгында ишке ашышы керек.

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "аялдарга жана жаш курагы жете электерге мунапыс жарыялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Архив: абак - Sputnik Кыргызстан
КРде жаш курагы жете электерге жана аялдарга мунапыс жарыялоо сунушталууда
Аталган мыйзамга ылайык, эркинен ажыратуу жазасы каралган жана бул жазага байланышпаган кылмыш жоопкерчилигинен аялдар жана жашы жете электер бошотулат.

Мындай категорияга бир же андан ашык жашы жете элек балдары бар, 55 жаштан жогору, I жана II топтогу майыптыктагы, жеңил кылмыш жасаган, кош бойлуу жана көп балалуу, үй-бүлөсүн жалгыз баккан, ошондой эле ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энесин баккан аялдар кирет. 

Мындан тышкары, мыйзамда I жана II топтогу майыптыктагы, биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жети жылга чейин эркинен ажыраган, жеңил кылмыш жасаган жашы жете электерге мунапыс жарыялоо каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирип, алты айдын аралыгында ишке ашышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0