Мамырова: кыргыз тилине күйгөндү Юдахинден үйрөнүшүбүз керек

© Екатерина МихайловаАкадемик, чыгаан тилчи-лексикограф Константин Юдахидин туулгандыгынын 125 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү.
Академик, чыгаан тилчи-лексикограф Константин Юдахидин туулгандыгынын 125 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат кыргыз тилинин тагдырына кантип күйө билүүнү, анын таламын кантип талашууну так ушу академик Юдахинден үйрөнүшүбүз керек деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Академик, чыгаан тилчи-лексикограф Константин Юдахидин туулгандыгынын 125 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышкан Бөдөш Мамырова бул маареке анын кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында жасаган албан эмгегин эскерүү деп баалады.

Вице-спикер Мамырова профессор Юдахин кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы туурасында айтты.

"Биз кыргыз тилинин тагдырына кантип күйө билүүнү, анын таламын кантип талашууну так ушу Константин Кузьмичтен үйрөнүшүбүз керек деп ойлойм. Кезинде анын орус улутундагы адам экенин карабастан, көралбастар тарабынан улутчул катары айыпталып, куугунтукка алынганы – мунун айкын далили", — деди Мамырова. 

Академик Юдахин – кыргыз тилинин жалпы улуттук тил катары калыптанышына, лексикогрфиялык жактан такталышына, анын мамлекеттик тилге чейин өсүп жетилип, дүйнөлүк тилдердин катарында өз ордун табуусуна баа жеткис салым кошкон чыгаан окумушту. Анын узак жылдар боюнча тереӊ изилдөөсүнүн негизинде жаралган "Кыргызча-орусча сөздүгү" менен "Орусча-кыргызча сөздүгү" жаралган.

Академик Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленди - Sputnik Кыргызстан
Академик Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленди
"Ал адегенде жалпы түрк тилдеринин табияты жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүп келгенине карабастан, ал өзүнүн чыныгы бактысын кыргыз тилинен тапты десек жаӊылбайбыз. Албетте, Юдахиндин азыр ар бирибиздин кол китебибизге айланып калган "Кыргызча-орусча сөздүгү" менен "Орусча-кыргызча сөздүгү" тууралуу сөз болгондо, аны менен ийиндеш иштеген замандаш достору – Карасаев, Шүкүров сындуу окумуштуулардын кошкон салымын эсетен чыгарып койсок, анда калыстыктан тайган болор элек. Алардын да кошкон салымы зор богонун, алар улутчул катары куугунтукка алынганда, авторлор тобунан чыгып калганын жакшы билесеӊиздер. Демек, алар бул сөздүктү бирге түзгөн десек да болот", — деди Мамырова.

Академик Юдахин кыргыз тилин изилдөө менен кыргыз адабият теориясын изилдөөгө катышып, "Манас" эпосунун 1958-жылы жарык көргөн бириктирилген төрт томдугун чыгарууга жакындан катышкан. Эпосту орус тилине которуу ишине да жигердүү катышып, өз кеңешин берүү менен бирге, анын орус тилиндеги текстин редакциялаган. Ошондой эле, "Манас" эпосунун бириктирилген вариантындагы түшүндүрмө сөздүктү түзгөн.

Вице-спикер азыркыдай, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ролу тууралуу маселе кабыргасынан коюлуп жаткан чакта, академик Юдахиндин кыргыз элине, анын ичинде кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы далай муун үчүн сабак болоорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0