Өрт өчүрүүчүлөр жаңы имараттуу болушат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүүчүлөр эс алууда. Архив
Өрт өчүрүүчүлөр эс алууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктардын алдын алуу максатында мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды дыкат көзөмөлдөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек деди Маматалиев.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Нарынга болгон иш сапарынын алкагында өрт өчүрүү башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, ага катышкан өздүк курамга ыраазычылык билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, иш сапардын алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын башкармалыгына барып, облустун Ички иштер башкармалыгынын даярдыгын текшерди. 

"Вице-премьер жайкы каникул учурунда мектеп окуучулары менен өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, кырсыктардын алдын алуу максатында мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды дыкат көзөмөлдөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт өчүрүү башкармалыгынын жаңы имараты менен таанышып, Маматалиев жетекчиликке курулуш иштерине катышкан өздүк курамды сыйлоо боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0