Акыйкатчы Жалпы республикалык тестирлөө боюнча отчет берди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептин окуучулары сынак убагында .Архив
Мектептин окуучулары сынак убагында .Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки тестирлөөгө Бишкектен 841, Оштон 194 абитуриент катышкан. Анын экөө тестти алардын ордуна башка бирөөлөр тапшырганы үчүн дисквалификацияланды.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 135 бүтүрүүчү дисквалификацияланганын акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Сынак тапшырып аткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан кем алгандар ЖОЖго өтпөйт
Тестирлөө 2015-жылдын 19-23-май күндөрү өтүп, ага катышкан абитуриенттердин саны 51 518 адамды түзгөн. Олуттуу себептер менен биринчи тестирлөөгө катыша албай калгандар үчүн кийинки тест 2015-жылдын 20-21-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өттү. 

Укук коргоочулар кийинки ЖРТнын өтүшүн көзөмөлгө алышты. Анда Бишкектен 841, Оштон 194 абитуриент катышты. Анын экөө тестти өз ордуна башка бирөөлөрдү тапшыртканы үчүн дисквалификацияланды. 

Акыйкатчынын маалыматы боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн 135 бүтүрүүчү, алардын 96сы негизги, 39у предметтик тесттен дисквалификацияланган.

"Тестирлөөдөн четтетилүүнүн негизги себеби — бүтүрүүчүнүн жанындагы уюлдук телефону жана көчүрмөлөрдүн болгондугу. 24 абитуриент өзүлөрүнүн ордуна башка бирөөлөрдү тест тапшыртканы үчүн четтетилсе,15 адам 10-класстын окуучусу болгондугу үчүн дисквалификацияланды. Мунун баары ЖРТ жоболоруна каршы келет", — деп айтылат билдирүүдө.

2015-жылдын 25-июнунан 3-июлуна чейин тестирлөөнүн жыйынтыгына макул болбогон абитуриенттер менен кеңеш өтмөкчү. 3-июлдан тарта Билим берүү жана илим министрлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен комиссия жыйыны өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0